• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Разаков Исфара–Ворух жолу тажик тарапка өтүп кетти деген сөздөрдү төгүндөдү

Коом 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын негизги аймагындагы Исфара шаары менен Кыргызстандагы Ворух анклавын байланыштырган жол тажик тарапка өтүп кетти деген сөздөрдү төгүндөдү. Бул тууралуу Разаков президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн Баткен областындагы чек арадагы абал боюнча кеңешмеде билдирди.

Разаков тажик тарап менен Баткен облусунда чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча беш күндүк сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирди. Ошондой эле адамдардын тоскоолсуз ары-бери өтүүсү үчүн ар кандай чек ара постторун алып таштоо тууралуу келишимге жетишилгенин кошумчалады.

Вице-премьер билдиргендей, Ак-Сай айылына алып баруучу айланма жолдун курулушу аягына чыгарылат, ал ортодогу жалпы жол болот жана андан Кыргызстандын да, Тажикстандын да жарандары пайдалана алат. Ошондой эле Баткен районуна караштуу үч айылдын малын айдап өтүү үчүн Ак-Сай- Тамдык жолун куруу макулдашылды.

«Исфара-Ворух жолу тажик тарапка өтүп кетти деген сөздөр чыгууда. Бул жергиликтүү шартты билбеген, маалыматы жок, андагы кырдаалдан кабарсыз адамдардын пикири. Бул жерде кандайдыр бир коридор жана жолдун маккамы тууралуу эч кандай сөз жок — бул Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары жалпы пайдалана турган жол болот. Бул чечим жергиликтүү калк менен талкууланды жана алар буга макул болушту», — деди Жениш Разаков.

Эске салсак, 13-14-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыгып, бир бирин таш менен урушкан.

Кыргыз тарап бул жаңжалдын айынан бир нече адам жабыр, үч кыргыз жаранга ок тийгенин билдирген. Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жарадар болгонун кабарлаган.

Жаңжалдан кийин Тажикстандын жарандары Баткен–Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Исфара району менен Ворух анклавын байланыштырган жолду жаап коюшкан.

Жолдор эки тараптын беш күндүк сүйлөшүүлөрүнөн кийин ачылган.

Пикир

Оставить комментарий