• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Вице-премьер Разаков РФ эксперттик тобу менен аскердик-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Россия Федерациясынын эксперттик тобунун мүчөлөрү менен аскердик-өнөр жай комплекси жана коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк ишканалары маселеси боюнча жолугушту.

Аталган топ Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчыларынын макулдашуусу боюнча түзүлгөн жана өлкөгө эки тараптуу аскердик-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн иликтөө үчүн келген.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасы аталган маселе боюнча өз-ара аракеттешүүдөгү практикалык жыйынтыктарга жетишүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.

Ал баса белгилегендей, кыргыз тарап Россия Федерациясы жана башка ЖККУга мүчө-мамлекеттер менен, анын ичинде Мамлекеттик коргонуу жаатындагы буйрутманы камсыздоонун алкагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө республиканын коргонуу-өнөр жай комплексинин ишканаларын кыйла активдүү тартууну сунуштайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө атамекендик коргонуу-өнөр жай комплекс ишканаларынын учурдагы абалы, келечеги жана мүмкүндүктөрү тууралуу маалымат берилди, ошондой эле бул багытта кызматташуу боюнча мүмкүндүктөр талкууланды.

Россия тараптын өкүлдөрү дагы коргонуу өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү боюнча тыгыз аракеттешүүгө даярдыгын билдирди.

Россия Федерациясынын эксперттик тобунун сапарынын алкагында ведомстволор аралык деңгээлде бир катар жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр пландаштырылууда, алардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-россия аскердик-экономикалык кызматташуусун келечектүү өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий