• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер Разаков жана топографиялык топтун мүчөлөрү Баткен облусунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана топографиялык топтун мүчөлөрү Баткен облусунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Баткен районунун Самаркендек айыл аймагынын Тескей аймагында, Чек-Дөбө, Терекзар аймактарында жайгашкан өлкө жарандары менен жолугушуулар өттү. Анда тургундарга Өкмөт тарабынан Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо боюнча жүрүп жаткан иштер, тажик делегациясы менен эки тараптуу жолугушуунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле жергиликтүүлөргө чек ара маселесин Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуунун эсебинен чечүүгө болору айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулардын сунуштары угулуп, Тажикстан Республикасы менен жер алмашуунун мүмкүн болгон варианттары талкууланды.

Жергиликтүү жашоочулар менен талкуу аяктаган соң аймактарды алмашуу маселесин андан ары илгерилетүү боюнча макулдашылган аракеттер көрүлөт.

Айылдардын тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндө Жеңиш Разаков тажик тарап менен өз ара жер алмашуу чек ара маселеси улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана чечилерин өзгөчө белгиледи. Ал туруктуулукту сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, чек ара аймактарынын калкынын социалдык-экономикадык маселелерин чечүү өлкө Өкмөтү үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ экендигин айтты.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын жана Тажикстандын топографиялык топтору Баткен району менен Исфара шаарынын «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий