• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Вице-премьер Сабиров ИӨБ Аймактык кеңсесинин башчысы Ибрагим Шукри менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Аймактык кеңсесинин башчысы Ибрагим Шукри менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Видеоконференц-байланыш форматында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Равшан Сабиров белгилегендей, Ислам өнүктүрүү банкы өлкөгө өнүгүүнүн көптөгөн маселесинде маанилүү колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү болуп саналат.

Вице-премьер-министр банкка коронавирус инфекциясына каршы күрөш боюнча иш-чараларды ишке ашырууда көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Ибрагим Шукри белгилегендей, финансы институту өлкө жетекчилиги менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташтыкты улантууну пландаштырууда.

Тактап айтканда, Ислам өнүктүрүү банкы Ислам банкын алга жылдырууга катышуу мүмкүндүгүн кароого даяр экендиги белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Равшан Сабиров Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жумшартуу, алсак, кичи жана орто ишкерликти «Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасы аркылуу колдоого алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров Ислам өнүктүрүү банкына аталган программага активдүү катышууну сунуштады. Аталган сунуш финансы институту тараптан түшүнүү менен кабыл алынып, колдоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий