• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вице-премьер саламаттык сактоо системасы тармагында реформа жасаларын убада кылды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Бүгүн маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова COVID-19 пандемиясы учурундагы өкмөттүн иши тууралуу айтып берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, 30 жыл аралыгында өлкөдө саламаттык сактоо тармагына тиешелүү түрдө көңүл бурулбай келген.

"Өкмөткө бир топ кыйын болууда. Биздин коронавируска каршы күрөшүбүз, медициналык кызматкерлерди коргоо аракети, ушундай оор учурда жарандарга жардам көрсөтүү аракети талкаланган системанын алкагында жасалууда. Бир эле учурда COVID-19 менен күрөшүүгө жана саламаттык сактоо кызматынын ишин жакшыртууга туура келүүдө", - деди ал.

Ал саламаттык сактоо тармагында реформа керектигин белгилеп, ал тармакта реформа жасаларын убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий