• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Вице-премьер Санжар Муканбетов ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеӊеште вице-премьер-министр Мукамбетов Санжар Турдукожоевич ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ант берүү аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.

Муканбетов ант бергенден кийин мамлекет башчысы кыскача көз сүйлөдү.

“Убакыт бөлүп жаңы вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун антын кабыл алганыңар үчүн рахмат,-деп билдирди ал ЖК депутутаттарына кайрылып жатып. Сизге ийгилик каалайм. Санжар Турдукожоевичке президенттин жана элдин алдында берген антын уруптоону жана таза издөөсүн каалайм. Жаңы вице-премьер-министрге жана жалпы өкмөткө ийгилик каалайм”,-деди ал.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Санжар Муканбетовду ант берүү аземи менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Санжар Мукамбетов Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна которулган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий