• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Сурабалдиева Чүй облусунун мугалимдери менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Билим берүү тармагынын кызматкерлерине маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөн. COVID-19 пандемиясы учурунда мугалимдердин эмгегине жалпыбыз баа бердик. Аралыктан окутууга мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да даяр эмес эле. Бирок пандемиянын шарттары өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бүгүнкү күндө окууда эскирген, натыйжасыз ыкмаларды кайрадан карап чыгып, учурга ылайык келген заманбап ыкмаларды жана программаларды пайдаланууга өтүү зарыл. Тутумду өзгөртүүгө мезгил келип жетти», - деди Эльвира Сурабалдиева жана билим берүү тутумундагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоого мүмкүндүк берген ушундай жолугушуларды өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, актуалдуу маселелердин жыйындысы талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий