• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вице-премьер: Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Президенттин Жарлыгына ылайык, жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди. Бул тууралуу КРнын вице-премьер-министри Жеӊиш Разаков Жогорку Кеңештеги жыйында билдирди.

Ал президенттин Жарлыгына ылайык, 5 жыл аралыгында сот реформасына байланыштуу бир катар ири ченемдик-укук актыларын иштеп чыгуу, анын алкагында 31 иш-чараны уюштуруу тапшырмасы берилгенин, алар толугу менен аткарылганын билдирди.

“Президенттин Жарлыгына ылайык, жумушчу топтору тарабынан жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам даярдалып, алар 2019-жылдан тарта ишке киргизилди. Иш-чараларды даярдоого бюджеттен 300 млн сом каралган. Ал каражатка оргтехникалар сатылып алынып, кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын бирдиктүү реестрлери түзүлдү. Ошондой эле, көптөгөн кызматкерлер атайын окутуулардан өткөрүлдү”, - деди Разаков.

Андан тышкары, азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, КР Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробациялоо жөнүндө”, “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, жаӊыдан ишке киргизилген ченемдик-укук актыларында кетирилген калпыстыктарды кайра тактоо чаралары көрүлүп жатканы белгилүү болду.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеӊеште миграциялык саясат маселелери боюнча жана сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угулууда.

Жыйынга вице-премьерлер Жеӊиш Разаков менен Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий