• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьер Жеңиш Разаков Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын сотко берет

Коом 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын сотко берет. Ал бул тууралуу govori.tv сайтынын журналисти менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорко Кеңеште депутаттар аны "чет элдик атайын кызматтарга тиешеси бар" деген фейк маалыматтарды таркаткан үчүн, айрым депутаттар менен соттошуу ниети бар экенин билдирди.

"Бул фейк. Биз дагы иликтөө жүргүзгөнбүз. Аны жазган сайт жок. Мен адистер менен сүйлөшкөм, алар бул фейк, буга реакция кылбаш керек дешкен. Мен буга көңүл бурбай жүргөм", - деди Жеңиш Разаков.

"Бирок ушу фейк маалыматты негиз кылып, жыйынтык чыгарып, айрым депутаттар Жогорку Кеңеште ушу маселени көтөрүп атат. Бул мага карата айтылган шек менин тууган-уругума, балдарыма, досторума, жакындарыма айтылып жаткан куру доомат деп эсептейм. Ошондуктан муну чоң трибунага алып чыккан кишилер менен сот аркылуу териштирип алам", - деп кошумчалады вице-премьер.

"Биз бул маалыматты фейк деп атсак кээ бир адамдар аны негиз кылып, менин үстүмдөн тыянак чыгарып жатат. Сиз ал делегацияны жетектебешиңиз керек, ал жерге сиз катышпашыңыз керек деп жыйынтык чыгарып атат. Булар ошол фейкти негиз кылып жатышат да. Ошондуктан мен муну соттук алкакта албетте териштиремин", - деди Жеңиш Разаков.

Эске салсак, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маселени кароо учурунда "Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына тиешеси бар" деген сөз болуп, бул иликтөө керектиги тууралуу демилге көтөрүшкөн.

Кийинчерээк Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чет элдик атайын кызматтарга тиешеси бар делген маалыматты текшерип чыгып, ал чындыкка туура келбей турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий