• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Вице-премьер Зилалиев Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккандарды “Кумтөр” кенине алып барды

Экономика 0


Кумтөр, 15.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан жарандык коомдун өкүлдөрү вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилилиев башында турган топ менен Кумтөр кенине барышты.

Сапардын жүрүшүндө коомдук өкүлдөр “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрүнүн абалы менен таанышышты. Эске сала кетсек, сунушталып жаткан түзөтүүлөргө ылайык, “Давыдов” мөңгүсүн жана “Лысыйдын” бөлүгүн жылдыруу менен алтын казууга уруксат берүү керек.

“Сапардын аягында айткым келет, менимче биз көпчүлүктүн пикирин өзгөртө алдык. Бул албетте менин божомолум. Бардык катышуучуларды ынандыруу керек”,-деди ал.

Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин айтуусуна караганда, аталган маселе боюнча талаш-тартыштан соң мурунку жумада тегерек үстөл уюштурулуп, ага мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан тарап да чакырылган.

“Бирок, тараптар бир пикирге келе алышкан жок. Ошондуктан бардыгын кенге алып келүү сунушталган”,-деди ал.

Зилалиевдин айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө “Давыдов” мөңгүсү 40-50% иштетилген, Лысый – 100%га. “Давыдовду” – 70% “Лысыйды” – 20% иштеп чыгуу күтүлүүдө.

Вице-премьер билдиргендей, Кумтөрдүн айланасындагы калдыктардын айланасында 90 тоннага жакын алтын бар. Алар керектүү технологиялар табылгандан кийин казылып алынат.

Бардыгы болуп Ак-Шыйрак мөңгүсүнүн жалпы массасы 152 мөңгүнү түзөт, алардын экөөнү иштеп чыгуу сунушталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий