• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-премьердин өлүмүнө себептер болгон КамАЗдын айдоочусу эки айга камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 09.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмүнө себепкер болгон КамАЗдын айдоочусу 1-СИЗОго камакка алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстванын берген маалыматы боюнча, оор жүк ташуучу унааны айдоочусу 1992-жылы туулган Т.А., атуу жаранга баш коргоо чарасы аныкталып – 1-СИЗОго эки айга камакка алынган.

“Аталган чечим Биринчи май соту тарабынан кабыл алынган. Ошондой эле бир катар экспертиза жүргүзүү дайындалып, ал 10 күндүн аралыгында чыгат”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 7-октябрда Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында болжол менен таңкы саат 6.30 чамасында жол кырсыгы катталган. КамАЗ жана Toyota Land Cruiser Prado унааларынын кагылышынан 3 адам каза болгон - вице-премьер Темир Джумакадыров, анын айдоочусу Нурбек Муканов жана жардамчысы Нурлан Жамгырчиев.

Пикир

Оставить комментарий