• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вице-премьерлик кызматка Эркин Асрандиевдин талапкерлиги сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.

Эркин Асрандиевди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Сунушталган талапкер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.

Белгилей кетсек, Асрандиев учурда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий