• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 6-декабрда өтүп жаткан парламент жыйынында өз каалоосу менен вице-спикерлик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын жарыя кылды. Жогорку Кеӊеш анын өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова буга чейин өз иш-милдетин чоӊ жоопкерчилик менен жогорку деӊгээлде аткарып келгенин белгилеген Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы депутаттык ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий