• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вице-спикер Бакиров парламенттин дарегине сын айткандарга жооп кайтарды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Парламентке карата ар кандай сындар айтылат экен, бирок андай сындардын ар биринин артында кандайдыр бир жүйөсү болуш керек да. Бул тууралуу вице-спикер Мирлан Бакиров парламенттин жыйынында билдирди.

"Гендердик баланс, жаштар, улуттук азчылык өкүлдөрү, ар кыл тармактагы кесиптин ээлери парламентте отурат", – деди Бакиров. – "Базаркомдор" отурат деген сөз жалпы парламенттин кадыр-баркына шек келтирип жатат. Эгерде конкреттүү саясатчынын кайсы бир депутатка маселеси болсо анын аты-жөнүн так айтсын".

Бакировдун пикиринде, акыркы мезгилде парламентке шайланбай калган айрым бир саясатчылар тарабынан кыргыз парламентинин дарегине жүйөсүз сын пикирлер айтылууда. Эми, эл аралык тажырыйба көрсөткөндөй, парламенттин табияты ошодой, ага карата ар кандай сындар айтылат экен, бирок андай сындардын ар биринин артында кандайдыр бир жүйөсү болуш керек да. Ансыз ал эч нерсеге арзыбайт.

«Жогорку Кеӊештин азыркы чакырылышын эле алалычы, биз жаӊы Конституциянын талаптарына ылайык жаӊыча усулдар аркылуу шайланып келип, өз милдетибизди аткарып жатабыз. Эгерде кимдир бирөөнүн кайсы бир депутатка карата каршылыгы болсо, анда ал ачыгын айтсын, өзү менен чечишип алсын. Бирок, жалпы парламенттин дарегине акараат келтиргенди токтотуп, тизгинди бир аз тартыш керек», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий