• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-спикер Бакиров ЖКдан чыгарылган чиновниктен үзүр сурады – видео

Коом 0


Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовдон үзүр сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

"Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылгандар мыйзамда белгиленген тартипти, этиканы сактоого милдеттүү. Экинчи массалык маалымдоо каражаттарына кайрылып кете элем. Жыйындар залынан кууп чыкты деп жүрөт. Мындайча айтканда бул бурмаланган тема болуп жатат. Мен ал чиновник тизмеде жок экенин белгилеп, жыйындан бара беришиңизди суранам деген маселе менен кайрылдым. Ошого ылайык ал залдан чыгып кетти", - дейт Бакиров.

Ошондой эле, ал кечирим, үзүр суроодон эч ким кичирейип кетпесин айтып, Тынысовдун аброюна, үй-бүлөсүнө, коомчулукка катуу тийген болсо үзүр сурарын билдирди.

"Мамлекеттик кызматта улуу-кичүү деген болбойт. Экинчиден, өкмөт менен парламенттин ортосунда конкреттүү маселеде талкуу болуп жатат. Биз "Сый көрүп кетиңиз" деп же башка маселе менен чакырбайбыз. Эгер ошол инсандын жеке аброюна, үй-бүлөсүнө, коомчулукка катуу тийген болсо, үзүр сураймын", – деди вице-спикер.

Эске салсак, кечээ парламентте "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга оңдоолор талкууланмак. Буга байланыштуу отурумга Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси чакырылып, бирок сыркоолоп калганына байланыштуу анын ордуна ал агенттиктин кызматкери Талантбек Тынысов келген.

Бирок ал Жогорку Кеңешке ички тартипке туура келген көйнөк кийип келбегендиктен депутат Алмазбек Токторов ага көңүл бурган. Буга төраганын орун басары Мирлан Бакиров да токтолуп, ал тизмеде болбогондугун жүйөө кылып сыртка чыгуусун айткан. Тынысов залдан чыгып кеткен.

Бул окуя боюнча социалдык тармактарда катуу талкуу жүрүп, депутаттарга сын-пикирлер айтыла баштаган. Пикир калтыргандардын көбү Мирлан Бакировду Тынысовдон кечирим суроосун талап кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий