• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вице-спикер баштаган ЖК депутаттары чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардан кабар алышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Төраганын орун басары Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова, Айнура Аскарова, Наталья Никитенко, Евгения Строкова, Гүлшат Асылбаева жана Дастан Бекешев Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыркаган тургундарын барып көрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Азыркы учурда жабыркагандардын бир бөлүгү Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда дарыланып жатышат. Депутаттар алардын ден соолугун, дарылоо кандай жүрүп жаткандыгын сурашып, жарадар болгондорго батыраак айыгып кеткиле деген каалоолорун айтышты.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Манаев азыр бул мекемеде 11 адам медициналык жардам алып жатышканы, алардын бирөө аскер кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар экендиги тууралуу маалымат берди. Ок тийип, жарадар болгондорго операция жасалган. Азыр алардын баары дарыгерлердин дыкат көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий