• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-спикер Касымалиева: Мамлекет агартуучулардын жашоо-шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүүсү керек

Коом 0

Бишкек. 02.051.9 /Кабар/. Жогорку Кеӊешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Куршаб айыл аймагындагы бир катар мектептердин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушту.

Жолугушууда билим берүү тармагына тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлүп, окуучулардын билимин жогорулатууга багытталган маселелер талкууланды.

Алгач Касымалиева билим берүү тармагында ишке ашырылып жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, агартуучулардын айлык маянасын көтөрүү демилгеси Президент тарабынан колдоого алынганына токтолду. Андан тышкары, пенсияга чыккан агартуучулардын пенсиясын көбөйтүүгө тиешелүү мыйзам долбоору сунушталып жатканын да маалымдады.

Муну менен катар эл өкүлү мектептерди курууга гана басым жасабай, окуу сапатын жогорулатууга да көӊүл буруу керектигин белгилеп, Ош облусу боюнча мектептердеги билим деӊгээлинин көрсөткүчтөрүн арттыруу зарылчылыгын белгиледи.

"Кыргызстандын башкы байлыгы анын жарандары. Андыктан, жарандарыбыздын билимин өстүрүүгө өзгөчө басым жасообуз кажет. Айрыкча, глобалдашуу шартында улутубуздун келечегине керектүү адистерди тарбиялоо башкы максатыбыз. Бул үчүн ар бир окуучу изденүү менен талыкпай билим алуусу зарыл. Ал эми мамлекет агартуучулардын жашоо-шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүүсү керек", - деди Касымалиева.

Ошондой эле социалдык абалга терс таасир берүүчү жагдайларды жоюу, анын ичинен кыздарды эрте турмушка узатуудан мурун, алардын билим алуусуна шарт түзүү керектигине токтолгон Аида Касымалиева: "Үй-бүлө куруу менен кесипке ээ болууну бири-бирине карама-каршы коюу туура эмес. Тескерисинче келечек муунду тарбиялап, өстүрө турган энелердин билимдүү болуусуна кам көрүүбүз кажет" - деп кошумчалады.

Мындан тышкары, дени сак улутту калыптандыруу үчүн спортко жана туура тамактанууга да көӊүл буруу керектигин белгиледи.

Жолугушуу алкагында Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева география сабагы боюнча республикалык предметтик олимпиадада экинчи орунду ээлеген Тагай Асранов атындагы №6 орто мектептин окуучусу Полотбек уулу Арсенге жана мугалими Кадыркулова Нургүлгө ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык тапшырды. Муну менен катар Өзгөн районундагы бир катар мектептерге компьютерлерди белек кылды.

Андан соӊ жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, депутат өз иш-тажрыйбасынын алкагында окуучуларды жакшы окууга жана мыкты кесиптин ээси болууга шыктандырган сунуш-пикирлери менен бөлүштү.

Окуучулар бул жолугушуу өтө пайдалуу болгонун белгилешип, мындай иш-чаралардын өтүшү ийгиликке карай түрткү берерине токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий