• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Вице-спикер мөөнөтүнөн мурда кызматын өткөрүп берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.10.17. /Кабар/. ЖК депутаты Данияр Төлөнов өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын билдирди.

Депутат өзүнүн кызмат ордунан кетишин «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир өкүлү Дастанбек Жумабековдун Жогорку Кеӊештин Төрагалыгына шайланышы менен байланыштырууда.

“Мен бир фракциянын эки өкүлүнүн парламент жетекчилигинин курамында отурушу этикалык жактан туура эмес болуп калат деген ойдомун. Башка фракциялардын мүчөлөрүнө да мүмкүнчүлүк берүү керек. Мага ишеним көрсөткөн эл өкүлдөрүнө өтө ыраазымын, мындан ары депутат катары чогуу иштеше беребиз”, - деди ал.

Эске сала кетсек, кечээ, 25-октябрда депутат Дастан Жумабеков (“Кыргызстан”) ЖК төрагасы болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий