• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган парламенттик делегация иш сапар менен Бундестагда болушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров баштаган кыргыз парламентинин делегациясы өзүнүн Германиядагы иш сапарында Бундестагдын вице-президенти Вольфганг Кубики, «Германия – Борбордук Азия» парламенттер аралык достук тобунун төрагасы жана депутат Манфред Грунд, Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министрлигинин статс-катчысы жана Бундестагдын депутаты Ханс-Йоахим менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жаатында пикир алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бундестагдын вице-президенти Вольфганг Кубики менен жолугушууда вице-спикер Мирлан Бакиров Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал, анын ичинде кыргыз парламентинин иши тууралуу учкай маалымат берип, жылуу кабыл алганы үчүн герман тарапка ыраазычылык билдирди. Андан тышкары, Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине мүчө экени эске алынуу менен, тараптар соода-экономикалык алакаларды арттыруу маселесине жасым жасалды. Ал өз маектешин 2018-жылдын сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун ачылуу аземине чакырды.

«Германия – Борбордук Азия» парламенттер аралык достук тобунун төрагасы жана депутат Манфред Грунд менен жолукканда, Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш менен Бундестагдын ортосундагы парламенттер аралык мамлекелерди тереӊдетүү жаатында сөз кылды. Тараптар айрыкча айыл чарбасы, энергетика жаатында кызматташуу, соода жүгүртү көлөмүн арттыруу, кыргыз экономикасына Германиядан инвестиция тартуу боюнча пикир алышты.

Ал эми Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Ханс-Йоахим менен жолукканда, Мирлан Бакиров Германиянын канцлери Ангела Меркелдин 2017-жылдын июль айында жасаган расмий иш сапарында макулдашууларды эске салып, өзгөчө Баткен облусунда курула турган ирригациялык долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Немис тарап Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жардамын аябай турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин делегациясынын курамында Германиядагы иш сапарга депутаттар Таабалды Тиллаев менен Бахадыр Сулейманов да катышты.

Пикир

Оставить комментарий