• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Визага байланыштуу Кыргызстан жана Литва ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 21-ноябрында Вильнюс шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-сентябрында кабыл алынган.

Макулдашууда анык дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн 90 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу каралган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Литва тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий