• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Визаларды тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын жаңы редакциясы кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.01.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын жаңы редакциясы кабыл алынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын жаңы редакциясы төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

- визаларды тариздөө процедураларын санариптештирүү;

- «Электрондук виза» системасын мындан аркы өркүндөтүү;

- бюрократиялык процедураларды кыскартуу;

- визаларды алуучулар менен түз байланышты жоюу;

- өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жакшыртуу;

- коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу.

Документтин жаңы редакциясы:

- тышкы миграцияны каттоонун Бирдиктүү системасынын экинчи этабын жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын аймагына келгендер жөнүндөгү маалыматтарды ыкчам алмашат, бул өз кезегинде тышкы миграция чөйрөсүндөгү тиешелүү органдардын миграциялык процесстерге борборлоштурулган башкарууну киргизүүсүн шарттайт;

- чет өлкөлүк жарандардын уруксат берүүчү документтерди толтуруудагы шарттары жана жол-жоболору жеңилдетет;

- эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.

Пикир

Оставить комментарий