• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

В.Андрейченко: Биз КР менен айыл-чарба, энергетика, машина куруу боюнча кызматташа алабыз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынынына катышуу үчүн Бишкекке келген Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлдү.

Төрага Дастанбек Жумабеков ЖККУ ПА Кеңешинин көчмө жыйынынын алкагында өткөрүлүп жаткан бул жолугушуу мамлекеттер аралык достук мамилелерди жигердүү улантууга өбөлгө болорун белгилеп: “Кыргызстан Беларусь Республикасы менен болгон ар тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Айрыкча, парламенттерибиз ортосундагы кызматташтык артыкчылыктуу мааниге ээ”, – деди.

Ошондой эле экономикалык алакалар тууралуу сөз кылган Төрага: “Биздин алдыбызда эки өлкө ортосунда, андан тышкары КМШ, ЖККУ жана ЕАЭБ алкагында жетишилген эл аралык келишимдерди ишке ашырууну мыйзамдык жактан колдоо тапшырмасы турат”,- деп кошумчалады. Өзгөчө ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык маселесине басым жасаган Дастанбек Жумабеков аталган экономикалык биримдик эки өлкөнүн мамилесин дагы кеңейтерине үмүт артарын билдирди. Муну менен катар аймактар аралык байланыштарды да жакшыртуу демилгесин ишке ашыруу зарылчылыгына токтолгон Төрага Беларусь Республикасынын Брест жана Гомель облустары менен Кыргызстандын Баткен жана Чүй облустарын кызматташтыкка тартуу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Беларусь Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазылык билдирип, Беларусь Республикасы Кыргызстан менен болгон кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Бизди узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турат. Кыйын учурларда да биз бири-бирибизге жөлөк болуп, бирге болгонбуз. Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда кыргызстандык жоокерлердин көрсөткөн эрдиги Беларусь элинин эсинде. Алсак, Советтер Союзунун Баатыры, каарман жоокер Жумаш Асаналиевдин эстелиги Минскте тургузулуп, анын аты көчөгө ыйгарылган”, – деди.

Андан тышкары, экономикалык байланыштарга да токтолгон Владимир Андрейченко: “Биз айыл-чарба, энергетика, машина куруу сыяктуу бир катар тармактар боюнча кызматташа алабыз. Анткени, эки тарапка тең ылайыктуу болгон мүмкүнчүлүктөр арбын. Айрыкча билим берүү жаатында да алакаларды кеңейтүү учур талабы. Алсак, азыркы тапта Беларусь Республикасынын жогорку окуу жайларында 26 кыргызстандык студент билим алууда. Келечекте алардын санын көбөйтүү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгы турат” – деп кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин Беларусь Республикасында кармалып турушу жана анын коомдук иштерге тартуулусу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгиледи. Ал эми Владимир Андрейченко Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын алакасын жигердүү улантуу зарылчылыгын айтып: “Жогорудагы маселе эки тараптын калыптанган байланышына кедергисин тийгизбейт деген ишеничтебиз” ,– деди.

Пикир

Оставить комментарий