• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Владимир Путин А.Атамбаевге: “Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жакшыртууга көп эмгек сиңирдиңиз”

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-февралда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөгө расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Россия Президенти менен жылуу учурашып, эки тараптуу кыргыз-россиялык мамилелер маселелерин талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө абдан кубанычтуу экенин белгиледи.

«Анын үстүнө быйыл 19-ноябрда бизде өлкөбүздүн жаңы Президентин шайлоо болоорун билесиз, жана мен эмитен жыйынтыктарды чыгара баштадым. Сиз менен бирге Кыргызстан менен Россия ортосундагы мамилелерди туура нукка кайтарганыбызга кубанам, ал гана эмес, биздин мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрө алдык. Өткөнү да, болочогу да бир болуп эсептелген эки өлкө үчүн татыктуу деңгээлге жеткире алдык. Бир тууган элдердин ортосундагы мамилелердин деңгээлине көтөрө алдык. Сизди Кыргызстанда көргөнүмө кубанычтуумун», - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди.

«Чынында эле Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер ыкчам өнүгүп, сапаты жакшырышы үчүн көп эмгек сиңирдиңиз. Бүгүн бизде бардык багыттар боюнча кенен-кесир сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстан биз үчүн абдан маанилүү өнөктөш бойдон калууда жана соода-экономикалык чөйрөдө Россия биринчи орунду ээлерин белгилөө биз үчүн жагымдуу», - деди Владимир Путин.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия мамилелеринин бүтүндөй комплекси, ар кайсы чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий