• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Владимир Путин Душанбеге барат

Дүйнө 0

Бишкек, 11.06.19 /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин 15-июнь күнү Тажикстандын борбору Душанбеде өтө турчу Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары тууралуу Кеңешүү саммитине катышат. Бул тууралуу Trend басылмасы News.tj маалымат агенттигине шилтеме берип жазып чыкты.

Маалымат булактар билдиргендей, саммитке катышуу үчүн 12 өлкөнүн президенттери учуп келишет - Кытай, Россия, Иран, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Бангладеш жана Шри-Ланка.

Афганистандын атынан саммитте ошол өлкөнүн премьер-министри Абдулло Абдулло өкүлчүлүк кылат.

Саммиттин ишинен тышкары өлкө башчылары ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Пикир

Оставить комментарий