• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.22./Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер жогорулап бара жатат. Кыргызстан менен Россия евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында активдүү өз ара аракеттенип, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун чакырыктарына каршы турууда күчтөрдү бириктирүүдө.

Келерки жылы биз бир тууган элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн бардык тармактарда конструктивдүү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишибизди улантабыз деп ишенем.

Сизге, Сиздин үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга чын дилимден бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Владимир Путиндин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий