• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Владимир Путин тажик мигранттарына мунапыс жарыялоого убада берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Владимир Путин ар түрдүү себептерге байланыштуу Орусияга кире албай калган тажикстандык жарандарга мунапыс жарыялоо боюнча тажик президенти Эмомали Рахмондун сунушуна макул болду.

Путин Орусия Ички иштер министрлигине бул маселени чечүү чараларын кабыл алууну тапшырды.

«Биздин өлкөдө Орусияга келген тажикстандыктар, алардын үй-бүлөсү жакшы жашап, окуп, иштеп, өздөрүн коопсуз жана ыңгайлуу сезүүсү үчүн көп иштер жасалып жатат. Бул өтө маанилүү, себеби Орусияда болжол менен 1,2 миллион Тажикстан жараны жашап, иштеп жүрөт. Ал эми алардын өз мекенине жөнөтүп жаткан каражаттары өлкө экономикасы жана үй-бүлөлөрү үчүн олуттуу жардам болуп эсептелет», – деди Владимир Путин.

17-апрелде Кремлде Орусия президенти Владимир Путин менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жолуккан. Жолугушуунун жыйынтыгында 17 документке кол коюлган. Алардын арасында Тажикстан жарандарын убактылуу Орусияга иштөөгө жөнөтүү келишими да бар.

Пикир

Оставить комментарий