• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Путиндин Кыргызстанга сапарынын эки өлкө үчүн мааниси чоң – Россиянын Кыргызстандагы элчиси

Саясат 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Кызматына жаңы киришип жаткан элчи мамлекет башчыга Ишеним грамоталарын тапшырып, экөөнүн ортосунда кыска пикир алышуу болгон.

"Кыргыз-россиялык мамилелерди өнүктүрүү боюнча маселелер, анын ичинде Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин алдыдагы сапарынын айланасында да сөз болду", - деди элчи.

Элчи алдыдагы сапардын эки өлкө үчүн мааниси чоң экенин, ошондуктан ага дыкат даярдык көрүлүп жатканын белгиледи.

"Ал жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенебиз. Талкуулай турчу маселе көп. Аны толугу менен ишке ашырууга аракет кылабыз", - деди ал.

Элчи эки мамлекет башчысынын эмнелерди талкуулай турганын ачыктаган жок. Ал билдиргендей, мамлекеттик сапардын алдында анын программасы боюнча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий