• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Владивостоктун тургуну бир бөтөлкө суу үчүн 18 жашар кыргыз жаранын өлтүргөн

Кырсык 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Полиция кызматкерлери Владивостоктун борборундагы дүкөндө кайтаруучу болуп иштеген 18 жашар кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү делген жаранды кармашты. Бул тууралуу «Вести приморье» билдирип чыкты.

Маалымдалгандай, кылмыштан кийин 52 жаштагы Владивостоктун тургуну качып кетүүгө аракет кылган, бирок аны кармап калышкан.

Кылмыш “Престиж” дүкөнүнүн жанында 16-июлда саат 19:00 чамаларында болгон. Бул учурда соода түйүндө кезек күтүүлөр орун алып, мас абалындагы жаран бир бөтөлкө сууну алып кассанын жанынан акча төлөбөй өтүп кетүүгө аракет кылган. Аны байкап калган кайтаруучу токтотууга аракет кылган.

Алар эшикке чыкканда Владивостоктун жараны кайтаруучуну бычак менен жүрөк тушка сайып качып кеткен.

Кыргызстандык жаран 20 метрдей басып көз жумган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий