• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча иш-чаралар жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте 2021-жылдын 1-июнундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу И. Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча иш-чараларды жыйынтыктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

И.Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен корутунду чыгарылды.

Натыйжада мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу маселелери боюнча жүргүзгөн иштеринин деңгээли төмөн болуп жаткандыгына көңүл буруу зарыл.

Мамлекеттик органдардын уюмдарынын жана аймактык түзүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай жаткандыгы аныкталды.

Ошондой эле, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен уюмдары, мекемелери ортосунда ведомстволор аралык координациялоо иштери жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.

Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге, мамлекеттик органдарга жана уюмдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

- Военно-Антоновка балдар үйүнүн жетекчилигинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине аталган балдар үйүнүн ишмердүүлүгүндө жогоруда айтылган бардык одоно мыйзам бузууларга жана балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүнө жол бергендиги үчүн директордук кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле балдар үйүнүн башка кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталсын.

- Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Чүй облусунун Сокулук районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки иши канааттандырарлык эмес деп табылып, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына маалымкатта көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга жол берген бардык жооптуу кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна шайкештигин карап чыгуу сунушталсын;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана анын аймактагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн балдарды коргоо, камкордукка алуу жана асырап алуу, анын ичинде эл аралык асырап алуу маселелери менен алектенген кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык факторлорду жана одоно мыйзам бузууларды көрсөтүү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө Мамлекеттик маалыматтар банкын жүргүзүү жана ал материалдарды андан ары кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнÓ �түү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталат:

- Военно-Антоновка балдар үйүнүн ишмердигин натыйжалуу көзөмөлдөбөгөнү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап чыгуу;

- Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Балдардын иштери боюнча комиссиясынын тийиштүү кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткара албагандыгы боюнча жоопкерчилигин карап чыгуу.

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ички иштер министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар тарбиялануучу мекемелердин тарбиялануучуларынын ортосундагы мамилелерде мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо жана зомбулук фактыларын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү.

Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен биргеликте тергөө иштеринин бардык этаптарында Б. Якуниндин кызыкчылыгын коргоо үчүн адис тартуу маселесин чечүү;

Ошону менен бирге эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар үчүн мекемелердеги өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча так жол-жоболор иштелип чыгып, аларды иш жүзүнө ашыруу.

Пикир

Оставить комментарий