• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Военно-Антоновка орто мектеби” мекемесине 10 компьютер тапшырылды

Билим 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин тапшырмасы менен министрликтин өкүлү Аман Ыканов “Военно-Антоновка орто мектеби” мекемесине 10 даана компьютер тапшырды.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган мектептин директору мындан бир жума мурун атайын кат менен министрге кайрылып, компьютер бөлүп берүүнү өтүнгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин “Военно-Антоновка орто мектеби” мекемеси “Военно-Антоновка” балдар үйү болчу. Балдар үйү министрликтин буйругу менен кайра өзгөртүлүп түзүлүп (реорганизация), 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта орто мектеп болуп ачылган. Учурда мектепте 1070 окуучу билим алат.

Пикир

Оставить комментарий