• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү. Милиция экспертиза дайындады

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Илья Якуниндин өлүмү боюнча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертиза дайындалды, деп билдирет Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматы боюнча, И.Якуниндин өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Учурда дайындалган соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертизалардын корутундулары күтүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

И.Якуниндин өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш КР ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.

Бул факт боюнча материалдар Чүй облусунун ИИББнин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий