• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Волейбол боюнча Кыргызстандын Улуттук лигасынын биринчи туру жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Волейбол боюнча Кыргызстандын Улуттук лигасынын биринчи туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Улуттук лигасынын чемпионаты 6-февралда башталган. Жалпы 8 команда: "Университет Сулайман-Тоо", "Отор", EREM, "Салам-Алик", "Улар", "Аксы", "Жаңы-Муун" жана "Бүркүт" ат салышты.

Улуттук лиганын биринчи туру 6-12-февралда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

Биринчи турдун жыйынтыгында "Университет Сулайман-Тоо" командасы 7 жеңиш менен биринчи, "Отор" экинчи жана EREM үчүнчү орунга жайгашты.

Пикир

Оставить комментарий