• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Волейбол боюнча Кыргызстандын XV чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Волейбол боюнча Кыргызстандын XV чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 4-июнда Чолпон–Ата шаарынын «Газпром» ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өткөн.

Мелдеш улуттук лига, жогорку лига, эркектер жана аялдар арасындагы клубдар арасында болуп өттү.

Улуттук лига эркектер арасындагы мелдештин жыйынтыгы:
1-орун – ОшМУ;
2-орун – Отор;
3-орун – Бүркүт.

Кыздар арасындагы мелдештин жыйынтыгы:
1-орун – ОшМУ;
2-орун – Дордой;
3-орун – Улар.

Белгилей кетсек. чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы жана КРнын Волейбол федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий