Волейбол чемпионаты: Кыздар арасындагы "Дилгир" лигасынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарында волейбол боюнча жактыруучу кыздар арасында "Дилгир" лигасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Оюндар 8-9-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү. Алтын байге үчүн 12 команда күч сынашты. Алар "Позитив", "Достук", "Талас", "Береке", "Дилгир", "Жасмин", "Ысык-Көл", "Айкөл", "Теңир-Тоо", "Эмаком", "Көк-Арт" жана "Аксы" командалары.

Мелдештин жыйынтыгында "Аксы" командасы төрт оюнду жеңип, биринчи орунга татыды. "Береке" командасы "Аксыга" 0:2 эсебинде утулуп күмүш байгеге ээ болду.

Ал эми коло медалды "Жасмин" командасы утту.

Пикир

Оставить комментарий