• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Волейбол чемпионаты: Кыздар арасындагы оюндардын 5-февралдагы көрсөткүчтөрү

Спорт 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Волейбол боюнча кыздар арасында Кыргызстандын чемпионатынын биринчи туру Бишкек шаарында өтүүдө. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Оюндар Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 8 команданын катышуусунда өтүүдө.

5-февралда төрт оюн болуп, "Салам-Алик" жана "Улар" командалары атаандаштарын кайрадан жеңип алды.

Оюндардын 5-февралдагы көрсөткүчтөрү:

"Ала-Тоо" – "Ош-Датка" - 3:1 (25-20; 20-25; 25-16; 25-16)

"Нарын" – "Билим" - 3:0 (25-16; 25-16; 25-13)

"Дордой" – "Улар" - 0:3 (17-25; 19-25; 17-25)

"Салам-Алик" – "ЛИМА" - 3:0 (25-20; 25-11; 25-8)

Пикир

Оставить комментарий