• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Волейбол чемпионаты: Улуттук лигада "Жаңы муун" командасы экинчи орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Волейбол боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионатынын улуттук лигасынын биринчи туру Ош шаарында өтүүдө. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Мелдештин биринчи турунда 8 команда оюн өткөрүүдө.

Кечээ, 29-январда "EREM" командасы кайрадан жеңишти камсыздады. Ал эми Ысык-Көлдүн "Жаңы муун" командасы "Оторду" жеңип, тизменин экинчи орунуна көтөрүлдү.

29-январда өткөн оюндардын тизмеги:

"Ош Бажы" – "Улар" - 1:3 (25-18; 21-25; 19-25; 27-29)

"Аксы" – "Бүркүт" - 0:3 (23-25; 16-25; 19-25)

"Отор" – "Жаңы муун" - 2:3 (22-25; 16-25; 28-26; 25-19; 15-17)

"EREM" – "Сулайман-Тоо" - 3:1 (25-19; 22-25; 26-24; 25-23)

Улуттук лигадагы командалардын көрсөткүчтөрү:

1. "EREM" - 10 упай

2. "Жаңы муун" - 9 упай

3. "Отор" - 8 упай

4. "Сулайман-Тоо" - 8 упай

5. "Улар" - 7 упай

6. "Аксы" - 6 упай

7. "Бүркүт" - 6 упай

8. "Ош Бажы" - 6 упай

Пикир

Оставить комментарий