• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Волейбол чемпионаты: Жогорку лиганын 26-февралдагы оюндардын жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Волейбол боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионатынын жогорку лигасынын экинчи туру Бишкекте өтүүдө. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Жогорку лигада 12 команда эки тайпага бөлүнүп күч сынашат. Алар "Энергетик", "Ош", "Кадамжай", "Теңир-Тоо", "Чаткал", "БАПА Барскоон", "Динамо" "Салам-Алик", "Билим", "Университет", "Сары-Өзөн", "Ала-Бука" командалары.

Оюндар шаардагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жүрүүдө. 26-февралда 6 оюн болуп өттү. Ал күндөгү оюндардын жыйынтыгы:

"Динамо" – "Университет" - 3:0 (25-23; 25-21; 25-21)

"Билим" - "Сары-Өзөн" - 0:3 (27-29; 18-25; 18-25)

"Чаткал" – "Кадамжай" - 1:3 (25-22; 16-25; 21-25; 16-25)

"Салам-Алик" – "Ала-Бука" - 3:0 (25-17; 25-20; 25-20)

"Теңир-Тоо" - "Энергетик" - 2:3 (22-25; 25-21; 25-23; 23-25; 17-19)

"БАПА Барскоон" – "Ош" - 0:3 (15-25; 22-25; 16-25)

Эскерте кетсек, волейбол чемпионатынын биринчи туру 25-29-январда Ош шаарында өткөн. Анда "Энергетик" жана "Динамо" командалары жеңүүчү аталган.

Пикир

Оставить комментарий