• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Волейбол чемпионатынын жогорку лигасынын экинчи туру жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Эркектер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын жогорку лигасынын экинчи туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Чемпионаттын экинчи туру 24-28-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

12 команда катышкан оюндун жыйынтыгында "Энергетик", "Ош", "Теңир-Тоо", "Динамо", "Салам-Алик", "Университет" командалары 1-6-орундар үчүн оюн өткөрөт.

Ал эми "Кадамжай", "Билим", "Чаткал", "БАПА Барскоон", "Сары Өзөн", "Ала-Бука" командалары 1-7-орундар үчүн беттешет.

Жогорку лиганын үчүнчү туру 20-24-апрелде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий