• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Волкова: Чүй облусунда медиктер бардык керектүү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгон

Аймак 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Чүй облусунда медицина кызматкерлери бардык керектүү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

Анын айтымында, облуста бир жана көп жолку 2 миң 305 коргооочу костюм, 21 миң 473 беткап, 10 миң 972 респиратор, 439 миң 942 кол кап жана 3 миң 952 көз айнек бар.

"Чүй облусунда медицина кызматкерлери бардык керектүү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгон деп айта алам", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий