• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ворух анклавына коридор берилбейт. Ташиев чек ара маселеси боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Ворух анклавына коридор берилген жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Саясат.kg маалымат агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-майда Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен билдирүүсүн КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы расмий жарыялады.

Анда жарандардын тоскоолдуксуз кыймылы, Тажикстандын транспорттук каражаттары жана жүктөрүнүн өтүүсү үчүн Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабын айланта “Ходжаи Аъло – Ворух” жолу биргелешип курулат жана тажик тарап аны пайдаланары айтылган.

Билдирүү чыккандай кийин коомдо эки ача пикирлер пайда болуп, Ворухка коридор түзүлгөнү тууралуу айың кептер тарап кеткен. Мындан улам УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берип өттү. “Кыргыз-тажик чек арасы боюнча оор кырдаалда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алганыбыз чын. 5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштери жүргүзүлөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924-жылы, 1927-жылы жана 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Дагы бир жолу баса белгилейм, аталган жылдардагы карталар жогоруда айткан чек ара чекиттерин тактоодо гана колдонулат, Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок”, - дейт ал.

Ташиев Ворух анклавына эч кандай коридор берилбегенин белгилейт. “Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат. Башкача айтканда, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет. Мындан сырткары, биз качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз. Ворух анклавынын тегерек-четин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өз алдынча жүрмөкчү. Калган участоктор өзүнчө, Ворух боюнча өзүнчө келишимге келебиз.

Ошондуктан сабырдуу болуп, такталбаган маалыматтарды чыгарбай турсак. Бизге башка мамлекеттин бир метр да жеринин кереги жок, бирок биз дагы бир метр жерибизди бербейбиз! Өлкө жетекчилиги, биз, бардыгыбыз мына ушул позицияда болобуз жана аягына чейин турабыз!”, - деп айткан УКМКнын төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий