• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дарыгер картаюуну жайлата турган витаминди атады

Дүр дүйнө 0

Жашыл азыктардагы К витамининин жетишсиздиги картаюуну тездетиши мүмкүн деп билдирет россиялык «Звезда» басылмасы.

Бул тууралуу медициналык илимдердин кандидаты, М.Ф.Владимирск атындагы Москва облустук клиникалык илимий-изилдөө институтунун диотология борборунун жетекчиси Инна Пичугина билдирди.

Организмде аталган витаминдин жетишсиздиги интерлейкинди азайтат, анын кесепетинен иммундук системада көйгөйлөр пайда болуп, картаюу тездейт.

Башкача айтканда, ал (К витамини) жашка байланыштуу кубулуштардын алдын алат, - дейт врач. Пичугинанын айтымында, витамин майды эритет, белокторду синтездөө үчүн керек жана кандын уюп калышынын ишине катышат.

Эгерде кайсы бир жерде бузулуу – тромб пайда болсо кан айлануу токтойт, - деп мисал келтирди медик.

Бул витамин бөйрөктөрдүн нормалдуу иштеши үчүн керек, андан тышкары кальций жана D витамининин өз ара аракеттенүүсүнө жардам берет, ал сөөк тутуму жана тутумдаштыргыч ткандар үчүн маанилүү. Мындан тышкары, К витамини балдардын сөөктөрүнүн өсүшү үчүн жана карылар үчүн остеопороздон сактанууда өтө маанилүү.

К витамини жашыл түстүү азыктарда, мисалы шпинат, латук-салатында, капуста сыяктуу жашыл азыктарда жана боордо көп болот.

Булак: zakon.kz

Пикир

Оставить комментарий