• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вулкандын айынан 60 миң турист Балиден чыга албай калды

Дүйнө 0


Бишкек, 27.11.17 /Кабар/. Агунг жанар тоосунун атылуусуна байланыштуу 60 миңге жакын турист Индонезиянын Бали аралындагы аэропорттон чыга албай калышты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Абада жанар тоонун күлү менен түтүнү пайда болгондуктан, бийлик жергиликтүү аэропортту бир суткага жабуу чечимин кабыл алды. Мындан улам 400дөн ашык каттам аткарылбай калды. Балиге учкан учактар Жакарта, Сингапур сыяктуу жакынкы шаарлардын аэропортторуна конушууда.

Ишембиде вулкан экинчи жолу атылган. Агунгадан чыккан түтүн 7 чакырым бийиктикке жетти. Аралдын бийлиги 24 миң жергиликтүү тургунду эвакуациялады. Эксперттер эриген минералдык массанын дагы атылуу ыктымалдыгын жокко чыгарышкан жок. Аймакта коркунуч даражасы эң жогорку чекке жеткени айтылууда. 1963-жылы Балидеги Агунг жанар тоосунун атылуусунан миңден ашык киши мерт болгон.

Жыл сайын бул индонезиялык аралга беш миллионго чейин туристтер барып турат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий