• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

WhatsApp аркылуу тараган видеодогу массалык мушташ Ошто болгон эмес

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. WhatsApp мессенджери аркылуу тараган видеодогу массалык мушташ Ошто эмес, коңшу Өзбекстанда болгон. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады. Бул видеодо өзбек улутундагы балдардын мушташы тартылган.

Милициянын маалыматы боюнча, видеону тараткан жарандын өздүгү такталып, кармалды. Азыркы учурда түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүрүп жатат.

"Интернетте Ош шаарынын Он-Адыр аймагында эки улуттун өкүлдөрү мушташты деп тараган видеодогу окуя Ош шаарында болгон эмес. Тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Окуя Өзбекстанда болгондугу боюнча аталган өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында жарыяланган", - деп билдирди Оштун мэриясы.

Бүгүн, 24-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов интернетте тараган жалган маалыматтар боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жыйын куруп, чагымчылдык кылгандар сөзсүз жазага тартылышы керектигин айтты.

Ош шаардык милициянын башчысынын орун басары Т. Нурбаев жалган маалыматты тараткандар сөзсүз жоопко тартылаарын билдирди.

УКМКнын өкүлдөрү учурда Ош шаарында коомдук-саясий абал тынч экенин билдирип, чагымчылдыкка жол берилбей тургандыгын айтып өтүштү.

Амир-Темир аймактык кеңешинин жооптуу катчысы М. Абдуллаев да Он-Адырда мушташ катталбаганын жана жалган экенин кошумчалады.

Ал эми милициянын маалыматы боюнча, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда жаш адамдардын мушташкан видеосу тарап, анда кээ бирөөлөр видеодогу окуяны Ош облусунун аймагында тартылгандыгын билдире башташкан.

"Жогоруда аталган видео болжол менен бир жума мурда таратыла баштаган, бирок жаш адамдардын ортосундагы мушташ Өзбекстандын Наманган облусунун аймагында болгон. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы аталган факты боюнча кылмыш иши козголгондугун расмий түрдө билдирген", - деп кошумчалады ИИМ басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий