• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

WhatsApp негиздөөчүлөрүнүн бири колдонуучуларды Фейсбукту өчүрүүгө чакырды

Дүйнө 0

Бишкек, 22.03.18 /Кабар/. WhatsApp мессенджеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Брайан Эктон колдонуучуларды 50 млн соцтармак колдонуучусунун маалыматын Дональд Трамптын шайлоо алдындагы кампаниясы үчүн пайдалануу боюнча чатакка байланыштуу Фейсбукту өчүрүүгө чакырды.

“Убакыт келди. #фейсбукту өчүрүү”, - деп жазды өзүнүн микроблогунда уюлдук тиркеменин тең негиздөөчүсү. Мессенджерди Facebook 2014-жылы сатып алган. Жаңылыкты жазуу учурунда бул билдирүү 7,5 миң лайк топтогон.

Эскерте кетсек, акыркы күндөрү Facebook олуттуу чыр-чатактын чордонунда калды. Анын өзөгүндө Cambridge Analytica британиялык аналитикалык компаниясынын 50 млн ашуун колддонуучунун жеке маалыматтарын Facebook алып, аларды жаранма жөнөтүү аркылуу шайлоочулардын саясий көз карашына таасир берүү үчүн колдонгону турат. Материалдарды жарыялаган соң Cambridge Analytica директорлор кеңеши компаниянын аткаруучу директору Александо Никсти кызматтан четтетүүнү чечкен. hitech.newsru.com Европа жана АКШда бул маалыматтын ачыкталышын тергөө башталып, инвесторлор Facebook соцтармагын сотко бергенин маалымдайт.

Белгилей кетсек, Facebook жана WhatsApp ортосундагы келишим азыркыга чейин жөнгө салуучулар арасында суроолорду жаратып келет. Өткөн жылдын майында Еврокомиссия Фейсбукту 110 млн еврого айыпка жыккан. Ири айып тууралуу чечим өткөн жылдын этегинде ЕБ бийлиги тарабынан башталган тергөөнүн жыйынтыгы болду. Анда жөнгө салуучулар Facebook компаниясын 2014-жылы 19 млрд долларга WhatsApp тиркемесин сатып алууга макулдук алуу учурунда атайын жалган маалымат берүүгө шек санаган.

Facebook дарегине айыптоолорго 2016-жылдын августунда WhatsApp конфиденциалдуулук саясатынын өзгөрүшү себеп болгон. Ал аркылуу мессенджер колдонуучулардын телефондорун потенциалдуу досторду сунуштоо үчүн алардын Facebook баракчалары менен байланыштыруу мүмкүнчүлүгүн алган.

Еврокомиссиядан билдиришкендей, бул WhatsApp сатып алууда белгиленген шарттарга каршы келген: Facebook колдонуучулардын мессенджердеги жазууларын жана соцтармакты байланыштыра албасын убада кылган. Ошентип, компания жөнгө салуучуларды адаштырып, техникалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу туура эмес маалымат берип, натыйжада келишим кандайдыр бир кошумча шарттарсыз эле жактырылган.

2018-жылдын 1-мартында Гамбург жогорку административдик соту Facebook компаниясына WhatsApp мессенджеринин немец колдонуучуларынын маалыматтарын колдонууга тыюу салып, төмөнкү инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган. Өкүмгө ылайык, Facebook Германиядан WhatsApp колдонуучулардын маалыматтарын алардын социалдык тармакка берүү макулдугу менен дагы ала албайт. Анткени бул учурда өлкөдө иштеген маалыматты коргоо тууралуу мыйзамга каршы келет.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий