• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

WhatsApp тиркемеси билдирүүлөр үчүн маанилүү функцияны өзгөртөт

Дүр дүйнө 0

Популярдуу болгон WhatsApp тиркемесинин иштеп чыгуучулары билдирүүлөрдү автоматтык түрдө жок кылуу мүмкүнчүлүгүн өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу WABetaInfo билдирет.

Колдонуучуларга билдирүү жөнөтүлгөндөн 24 саат өткөндөн кийин аларды автоматтык түрдө жок кылуу мүмкүнчүлүгү сунушталат. Аталган функция жеке жана топтук кат куржундарда жеткиликтүү болот. Аталган функция билдирүүнү жөнөткөн колдонуучуда да, алган колдонуучуда да тазаланат, ал азыркы учурда тестирлөө баскычында турат. Ал Android, iOS жана үстөл версиясы үчүн WhatsApp тиркемесинин алдыдагы жаңыланууларынын биринде пайда болот.

Азыр WhatsAppтын жөндөөлөрүнөн (настройки) 7 күн өткөндөн кийин гана билдирүүнү автоматтык түрдө жок кылууну тандоого болот.

Пикир

Оставить комментарий