• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

WNA: Казакстан 2020-жылы уран өндүрүү боюнча дүйнөдө лидер болгон

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

2020-жылы Казакстан 19,8 миң тонна уран өндүргөн. Бул былтыр жалпы дүйнөдө өндүрүлгөн урандын 41% жакынына туура келет.

Дүйнөлүк өзөктүк ассоциациянын (WNA) маалыматына ылайык, уран өндүрүү боюнча экинчи орунга Австралия (6,2 миң тонна), үчүнчү орунга Намибия (5,41 миң тонна), төртүнчү орунга Канада (3,88 миң тонна) жана бешинчи орунга Өзбекстан (3,5 миң тонна) жайгашкан.

WNA маалыматы боюнча 2012-жылы Казакстанда уран өндүрүшү 21 миң тоннадан ашса, 2016-жылы бул көрсөткүч 24,6 миң тоннага жеткен.

2019-жылы дүйнөдө өндүрүлгөн урандын жалпы көлөмүнүн 85% ашыгы 10 ири компанияга туура келген. Алардын арасында Казакстандын “Казатомпром” компаниясы да болгон.

Казакстандагы урандын запасы 907 миң тонна (дүйнөлүк запастын 15%) деп бааланууда. Бул өлкөдөн чийки зат негизинен Кытайга, Россияга жана Канадага экспорттолот.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө уранга болгон суроо-талап кыйла төмөндөгөн. Буга байланыштуу Казакстан жакынкы эки жылда уран өндүрүү көлөмүн азайтууну демилгелеген.

Пикир

Оставить комментарий