• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

WSJ: АКШда Huawei компаниясына карата тергөө иштери башталды

Дүйнө 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. АКШнын Федералдык прокуратурасы америкалык өнөктөштөрүнөн коммерциялык сырларды уурдаган деген шек менен Кытайдын Huawei Technologies Cо. компаниясына карата тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, кеп смартфондорду тестирлөө үчүн колдонулган америкалык T-Mobile түзүмү тууралуу болууда. Reuters агенттиги кытай компаниясына расмий айып тагууга материалдар жетиштүү экенин билдирүүдө.

Азырынча АКШнын Юстиция министрлиги менен Huawei компаниясы маалымат каражаттарындагы бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Huawei – телекоммуникациялык жабдуулар менен мобилдик телефондорду өндүргөн дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Буга чейин АКШ бул компанияны мамлекеттик пайдалануу үчүн жабдуу жеткирүүчүлөрдүн кара тизмесине киргизген. Америкалык чалгын Huawei Кытай бийлиги менен байланышта болуп, жабдуулары аркылуу Пекиндин коммерциялык жана аскердик кызыкчылыктары үчүн керектүү болгон маалыматтарды чогултуп бериши мүмкүндүгүн билдиришкен.

Буга чейин Huaweiдин жабдууларын пайдалануудан Австралия менен Жаңы Зеландия бийлиги баш тарткан. Жапон бийлиги дагы мамлекеттик сатып алуулардын алкагында Huawei компаниясынын жабдууларын алууга тыюу салуу чечимин кабыл алган. Декабрда Чехиянын киберкоопсуздук боюнча көзөмөл органы жергиликтүү өкмөттү Huawei өндүргөн жабдууларды колдонууда сак болууга чакырган.

Өткөн жумада Польшанын атайын кызматынын өкүлдөрү Кытай чалгыны менен кызматташууга шектелген эки адамды кармаган. Алардын бири Huawei компаниясынын Польшадагы сатуулар боюнча директору болгон.

Пикир

Оставить комментарий