• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

www.myktyaimak.gov.kg порталы ЖӨБ органдарына жардам берет. Кантип катталса болот?

Коом 0


Кыргызстанда ЖӨБ органдарына жардам катары жергиликтүү маанидеги маселелерди эффективдүү чечүү үчүн ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg) иштейт.

ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбалар порталы – бул жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү жамааттардын көйгөйлөрүн кантип эффективдүү чечүү керектиги жөнүндө маалыматтарды ыкчам алмашуу үчүн ыңгайлуу аянтча. Андан кайсы гана болбосун кызыктар адам, мейли ал жергиликтүү кеңештин депутаты же ЖӨБ органдарынын кызматкери болсун, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн мыкты тажрыйбалары тууралуу маалымат менен таанышкан соң, өзүнүн маселесин чечүүнүн кыйла ыңгайлуу чечимин тандап жана бул тажрыйбаны өзүнө колдоно алат.

Мыкты тажрыйба порталында муниципалдык документтердин, ченемдик укуктук актылардын үлгүлөрү жана формалары, ЖӨБ тармагындагы гранттык жардам жана өнүктүрүү долбоорлору тууралуу маалымат, эксперттердин маалыматтар базасы, ар кандай актуалдуу маселелерге жооптор топтолгон.

Порталдагы маалыматтан акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн каттоодон өтүү керек.

Кантип катталса болот?

Бул үчүн “КАТТОО” бөлүмүнө өтүү жана милдеттүү тилкелерди толтуруу керек:

  • фамилиясын, аты-жөнүн жазуу;
  • иштеген жерин;
  • кызматын;
  • жынысын;
  • телефон номерин;
  • электрондук почта дарегин;
  • област жана районун;
  • ЖӨБ органынын аталышын жазуу;
  • сыр сөз түзүү;
  • жана “Катталуу” баскычын басуу.

Катталгандан кийин көптөгөн бөлүмдөргө жана порталдын кызматтарына акысыз кирүүгө жол ачылат. Мисалы, семинарларга, чебер-класстарга жана конкурстарга катышууга, баалуу сыйлыктарды утуп алууга, өзүнүн айылынын же шаарынын мыкты тажрыйбасы үчүн добуш берүүгө, суроолорду берүүгө жана эксперттердин кеп-кеңештерин алууга болот.

Порталдын айрым кызматтары акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мисалы,

«Муниципалитет» журналынын басылма версиясын алууга же өзгөчө суроо-талапка ээ болгон семинарга катышуу. Бул кызматтарды алуу үчүн жазылууну тариздөө керек.

Жазылууну “БИЗГЕ СУРОО БЕРГИЛЕ” бөлүмүнө өтүнмө калтырып же portal.msu@dpi.kg. электрондук почтасына жазуу менен тариздөөгө болот.

Жазылууну тариздөө үчүн өтүнмө алгандан кийин 24 сааттын ичинде байланышка порталдын администратору Гуляим Шамшидинова чыгат (0770 771130, 0550 324945, 0505 324945).

Социалдык тармактардагы баракчалар: https://www.facebook.com/myktyaimak.gov.kg/ @myktyaimak.gov.kg

ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар порталы – бул сиздин муниципалдык башкаруудагы жеке жардамчыңыз.

Пикир

Оставить комментарий