• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

www.myktyaimak.gov.kg порталында ЖӨБ органдары, КЭУ жана ЖМК үчүн конкурс өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. www.myktyaimak.gov.kg порталында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө мыкты тажрыйбага конкурс өткөрүлөт. Ага ЖӨБ органдары, ошондой эле жарандар, анын ичинде эксперттер, демилгечи топтордун, КЭУ жана ЖМК өкүлдөрү катыша алышат.

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө мыкты тажрыйба конкурсуна берилген мисал кеңири жайылган, башкача айтканда көптөгөн ЖӨБО жана жергиликтүү коомдордо кездешүүчү жергиликтүү көйгөйдү чечүүнүн мисалы болууга тийиш. Ошондой эле бул мисал (тажрыйба) башка жергиликтүү коомдор тарабынан дагы колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу керек.

Конкурстун максаты – ЖӨБ органдары же жергиликтүү коом тарабынан жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүнүн кыйла ийгиликтүү ыкмаларын аныктоо жана жайылтуу.

Конкурс 2 этап менен өткөрүлөт. Айдын 1нен 30на чейин порталга мыкты тажрыйбалардын мисалдары коюлат. Ай сайын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча шорт-баракчага 1 жеңүүчү тандалат. Андан ары I жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча (2021-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин) 1-финалчы, II жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча (2021-ж. 1- июлунан 30-декабрына чейин) – 2-финалчы аныкталат. Жылдын аягында финалдык жыйынтык чыгарылат.

Мыкты тажрыйба үчүн добуш берүү порталдын башкы баракчасында өтөт.

ЖӨБ органдарынын ичинен жеңүүчүлөр ээ болушат:

- 1-орун - 150 миң сом;

- 2-орун – 120 миң сом;

- 3-орун – 100 миң сом.

ЖӨБ органдары тарабынан сыйлык каражаттары (грант) мисалда сүрөттөлгөн тажрыйбаны же коомдун мүчөлөрү үчүн башка маанилүү көйгөйдү жана маселени чечүүгө колдонулушу мүмкүн экендигин белгилей кетмекчибиз. Сыйлыктын суммасына уюштуруучулар ЖӨБ-жеңүүчүгө аларга берилген тизме боюнча товарларды жана кызматтарды сатып алышат жана беришет. Сыйлык каражаттарына курулуш-оңдоо жумуштары, эмгек акы же иш сапарларды төлөөнү каржылоого болбойт.

Жарандардын, анын ичинде эксперттер, журналисттер, КЭУ кызматкерлеринен ичинен жеңүүчүлөр ээ болушат:

- 1-орун –25 миң сом;

- 2-орун - 15 миң сом;

- 3-орун - 10 миң сом.

Конкурс жана ага катышуу эрежелери тууралуу толугураак ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар порталынан: http://myktyaimak.gov.kg/single-news?id=16 шилтемеси боюнча таанышууга болот.

Конкурс Айыл, суу чарба жана аймактык өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдиги, Өнүктүрүү саясат институту, «Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу» долбоору тарабынан өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий