• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бразилиядагы Сурдлимпиадага катышкан машыктыруучулар менен спортчулар сыйланды

Президент 0

Бишкее, 07.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Бразилияда өткөн XXIV жайкы сурдлимпиада оюндарынын байге ээлери менен жолугушууда бул мелдештерде ийгиликтерге жетишкен машыктыруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиийштүү жарлыкка мамлекет башчысы кол койгон.

Алсак, XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарында ийгиликке жетишкендиги, Кыргыз Республикасынын Сурдлимпиада боюнча улуттук курама командасынын спортчуларын тарбиялоого кошкон олуттуу салымы үчүн:

- Бишкек шаарынын Свердлов районунун Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Фархад Ушуровго “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” наамы;
- Бишкек шаарынын Свердлов районунун Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Арам Акопянга Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы берилди.

Мындан сырткары, Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарына катышкан бир катар спортчулар менен машыктыруучуларга ыраазычылык жарыяланды. Алар:

Азамат Мавлонов – спортчу (таэквондо);

Алмазбек Исаков - спортчу (эркин күрөш);

Смадияр Жумакадыров – спортчу (грек-рим күрөшү);

Миляс Марков - спортчу (грек-рим күрөшү);

Ильгиз Каналбек уулу – спортчу (дзюдо);

Бермет Марсбекова – спортчу (таэквондо);

Дмитрий Пономарев - машыктыруучу (таэквондо);

Сергей Кладнов – машыктыруучу (дзюдо);

Бактыгүл Алишева – Кыргыз Республикасынын улуттук курамасынын спорттук дарыгери.

Пикир

Оставить комментарий